Жети-Өгүз районунун тургуну көчөдө суукка тоңуп каза болду
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын тургуну суукка тоңуп каза болду.
Маалыматка караганда, аны 4-февраль күнү ооруканага алып келишкен. Даарыгерлер кишинин суукка тоңуп калганын ырасташкан.