09:11, 06 февраля 2018, 24.kg

Түркмөн президентинин уулу Мирас аттуу тулпар менен сейилдеди

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердар менен Ашхабаддагы Ахалтекин жылкы чарбасында болду. Түркмөн президенти Гуджурлы (Күчтүү), баласы Мирас аттуу тулпар менен сейилдешти.

Түркмөн ММКлары маалымдагандай, ата-бала жалпы улуттук саламаттыкты чыңдоо жана спорттогу жетишкендиктер туурасында пикир алышты.

2017-жылы түркмөн президенти Мирас күлүгү менен ат чабышка катышып, баш байгени жеңип алган. Ал сыйлыкты жылкычыларга берген. Мирас тулпарын жарышка мамлекет башчынын небереси Керимгулы Бердымухамедов дайындаганы маалымдалган.

Гурбангулы Бердымухамедов дайыма ат менен сейилге чыгат, айрым учурда аны үй-бүлө мүчөлөрү коштойт. Былтыр ал уулу Сердар жана небереси Неримгулы менен веложарыш өткөргөн.

Акыркы жылдары Сердар Бердымухамедов коомдук-саясий иштерге активдүү катышууда. Ал президент атасынын мураскери болууга даярданууда деген божомолдор айтылууда.

Photo 58456

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18