17:02, 05 февраля 2018, 24.kg

Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою башкаруу сунушталууда

Казакстан парламентине Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөө укугун берген мыйзам долбоору келип түштү. Ошол эле маалда Коопсуздук кеңешин консультативдик-кеңеш берүүчү эмес конституциялык орган кылып өзгөртүү сунушталууда.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, Коопсуздук кеңеши өлкөнү башкарууда негизги борбор болуп, анын жана башчысынын чечимдери бардык бийлик органдары жана чиновниктери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы керек болот.

Саясат таануучу жана Демократияны өнүктүрүү боюнча борборазиялык фонддун башчысы Толганай Умбеталиева бул мыйзам долбоору кабыл алынса, саясий системаны жана казак бийлигинин структурасын олуттуу өзгөртө албайт деп эсептейт.

«Конституционализм жана демократияны өнүктүрүү институту» коомдук фондунун директору Мереке Габдуалиевдин пикиринде, кийинки президент шайланганда форс-мажор башталса, бул мыйзам аркылуу элбашы процессти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн алат.

2017-жылы Казакстанда парламент менен өкмөттүн ролун бекемдөө боюнча Конституцияга өзгөртүү киризилген. Эл аралык Freedom House уюму конституциялык реформаны «эски фасадга жаңы өң берүү» деп атаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18