11:34, 05 февраля 2018, 24.kg

№ 47 абактын алдында митинг өтүп жатат

№ 47 абактын алдында митинг өтүп жатат. Ага чыккандар соттолгон Бектур Асанов, Эрнист Карыбеков жана Өмурбек Текебаевдин укугун коргоп чыгышты.

«Бектур Асанов бир жумадан бери ачкачылык кармап олтурат. Биз алардын абалы кандай экенин билбейбиз. Бизге жолуктурбай жатышат. Бир ай мурда өтүнөн операция болгон. Анда да жолуктурушкан эмес. Биздин укуктарыбызды тепсеп жатышат» — дейт Бектур Асановдун жубайы.

Ачкачылык кармагандар УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылууда.

Ал эми «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары аны ооруканага дарыланууга бошотууну суранышат.

Эскерте кетсек, Эрнист Карыбеков «чыккынчылык» айыбы менен 20 жылга, Бектур Асановго бийликти күч менен басып алуу аракеттенген күнөөсү коюлуп, 12 жылга эркинен ажыратылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18