11:25, 05 февраля 2018, 24.kg

Кытайда 120 миңдей мусулмандар тарбия иштери үчүн атайын лагерге алынып келинди

Кытайда 120 миңдей мусулмандар тарбия иштери үчүн атайын лагерге алынып келинди. Бул тууралуу CNN маалымдайт.

Маалыматта ислам динин тутунган жарандар Синьцзян-Уйгур автономиясынын Кашгардагы саясый билим берүү лагерине топтолду. Ал жерде революциялык гимн ырдалып, Кытайдын лидери Цзиньпиндин ой-толгоолору боюнча сабактар окутулат. Лагердеги кайра тарбиялоо иштери кытай тилинде гана жүрөт.

Бийликтин бул кадамын жергиликтүү укук коргоочулар сындап келет. Анткени, Кытай бийлиги мусулмандардын радикалдашуусунан коркуп, кайра тарбиялоодон сырткары кооптуу жарандарды камап, үйлөрүнө видеобайкоо, унааларына GPS-датчик орнотуп, 16дан 65 жашка чейинкилердин канын ДНК үлгүсүн текшерип турушат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18