09:18, 05 февраля 2018, 24.kg

Ош шаардык мэриясы эттин баасын аныктады

Ош шаардык мэриясы эттин баасын 315 сом деп аныктады. Бул тууралуу мэриянын атайын комиссиянын отурумунда айтылды.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров шаардагы этке болгон баа райондорго караганда кымбат экендигин белгиледи.

«Биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болгондуктан шаардыктардын кызыкчылыгы негизги ролду ойнойт. Андыктан сатуучулардын да кеткен чыгымын эсептеп туруктуу баа коюу үчүн, ушундай кадамга бардык. Мониторингдин жыйынтыгы менен баардык чыгымдарды эске алганда бир киллограм эттин баасы 311, 36 сом болду. Андыктан бир жактуу карабастан сатуучулардын, касапчылардын эмгегин баалап 1 кг. эттин баасын 315 сом деп бааладык» — деди Замир Аскаров.

Белгилей кетсек, жыл башында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев борбордук базарда жана кичи базарларда сатылып жаткан уйдун жана койдун эти 330 сом болуп жаткандыгын, бул кымбат экендигин айтып тийиштүү жетекчилерге арзандатуу боюнча тапшырма берген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18