09:28, 02 февраля 2018, 24.kg

Депутат соттордун чечимдерин ачык жарыялоону сунуштайт

Cоттордун чыгарган чечимдеринен күмөн санабаш үчүн анын мазмуну расмий сайтка жайгаштарылышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев «Парламент» радиосуна курган маегинде билдирди. 

Андан тышкары депутат, — «Ар бир сот болом деген талапкер сынакка катышуу учурунда жазуу жүзүндө мен ишке орношкон соң, өзүмдүн жана жакындарымдын телефон сүйлөшүүлөрүн угууга макулдугумду берем, — деген тил кат жазып берүүгө тийиш. Бул тууралуу тиешелүү мыйзамдын өзгөртүүлөрү демилгеленген. Бул дагы соттордун көз карандысыздыгын камсыздоого өбөлгө болот», — деген мисалдарды келтирди.

Ошондой эле депутат биринчи инстанцияда турган райондук сотторду мүмкүн элдердин тандоосуна коюп шайласак бул дагы элдин сотторго деген инеиимин бекемдей алат беле? — деген жеке пикирин да кошумчалады.

Сот реформасы жана анын жыйынтыктары тууралуу маселеге бир гана депутаттар эле эмес, жалпы коомчулук дагы жакындан баам салып, сунуштарын айтсын деген максатта «Республика — Ата — Журт» фракциясы парламенттик угуу өткөрүүнү максат кылууда. Иш чара Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулат, — дейт парламентарий.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18