09:18, 02 февраля 2018, 24.kg

Өмүрбек Текебаев камерасына орнотулган видео байкоо боюнча БУУга даттанды

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев абактагы камерасына коюлган видео байкоо үчүн БУУнун адам укуктарын коргоо комитетине арызданды. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

«Камерага видео байкоо коюу адамдын укуктарын түздөн-түз бузуу болуп саналат» — дейт ал.

Эскерте кетсек, өткөн жумада № 47 абакта мөөнөтүн өтөп жаткан «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камерасына видеобайкоо орнотууганы белгилүү болду. Жаза аткаруу кызматы алгач аны саясатчыныны макулдугу менен анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жайгаштырылганын билдирди. Кийинчерек ага партия лидери уруксат бербегени аныкталды.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорфдун айтымында, видео байкоо орнотуу үчүн эркинен ажыратылган жарандын уруксаты керек эместигин айтууда.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18