14:01, 01 февраля 2018, 24.kg

Суроо-жооп. Даават маанилүүбү, же үй-бүлө?

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Кошунам жакында уулду болду. Аялы төрөт үйүнөн чыкканча, күйөөсү үйүн бизге дайындап коюп, 40 күнгө дааватка кетти. Диндин талаптарын аткаруу үй-бүлөдөн өйдө турабы?

Жооп: Жок, албетте үй-бүлө жогору турат. Кошунаңыз өзүнүн үй-бүлөсүнө көңүлү жоктугун көрсөтүп жатат. Эгер ал өзүн динге ишенген мусулман катары эсептесе, анда аялынын жанында болуп, уулун кароого көмөктөшүп, жакшы сөз, жакшы ниети менен даваат кылмак.

Негизинен даваат 3-40 күн менен чектелбейт. Исламга элди чындап үндөгөн адам жыл бою, мүнөт сайын өзүнүн таза жан дүйнөсү, үлгүлүү жүрүм-туруму, ыйманы жана адеп-ахлакы менен даваат кылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18