10:13, 01 февраля 2018, 24.kg

Депутат коомдук транспорт менен жүргөн кесиптештери үчүн уялат

Жогорку Кеңештин депутаты коомдук транспорт менен жүргөн кесиптештери үчүн уялат. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.

Камчыбек Жолдошбаев маршруткалардан түшүп келе жаткан депутаттарды жана жардамчыларын көргөндө баш кийимин түшүрүп, көзүн жаап алат экен.

«Биз баш тарткан кызматтык ууналарды башкалар колдонуп жүрөт. Бул маселени күн тартибине киргизип, жабык эшик артында карайлыС», — деди Камчыбек Жолдошбаев.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо алдында бир канча партиялар депутаттык жеңилдиктерден баш тартуу боюнча сөз беришкен. Бул боюнча жарандык коом сунуштаган меморандумга дагы кол коюшкан. Шайлоодон кийин дагы, бир топ артыкчылыктан, анын ичинде кызматтык ууна, жардамчыдан баш тартуу каралган.

Эл өкүлдөрүнүн кызматтык ууна, күйүүчү май, жардамчынын айлык акысынан тышкары, телефондук байланыш, кызматтык иш сапары да салыкчылардын эсебинен төлөнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18