09:06, 01 февраля 2018, 24.kg

Жыл башынан бери 270 ата-эне баласына сүйүнчү алууга кагаздарын тапшырды

Жыл башынан бери 270 ата-эне баласына сүйүнчү алууга кагаздарын тапшырды. Бул тууралуу «24.kg» Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдирди.

Өлкө боюнча 59 шаардык жана райондук башкармалык иш алып барат. Алардын онго жакыны тизме бере элек. Андыктан сүйүнчү алууга катталгандардын тизмеси көбөйөт.

Белгилей кетсек, сүйүнчү пул 15-февралдан баштап берилет. Азыр министрлик Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирге төлөө жолун иштеп чыгууда.

Сүйүнчү боюнча мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирди. Анын өлчөмү 4 миң сом. Акчаны алуу үчүн министрликтин аймактын бөлүмдөрүнө кайрылуу керек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18