14:17, 31 января 2018, 24.kg

Ош шаары селсаяктарды камкордукка алды

Ош шаары убактылуу баш калкалоочу жайга 50гө жакын селсаякты алып келип, медициналык, психологиялык, социалдык жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу кааланын мэриясы билдирет.

Маалыматта, «Мусаада» коомдук фонду менен биргеликте аталган фонддун имаратында убактылуу жардам көрсөтүү пункту уюштурулгандыгы айтылат.

«Ош шаарынын мэриясы тарабынан туруктуу жашаган жери жок адамдардын тамак-ашына жана гигиеналык каражаттарына 20 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ошондой эле, «Боорукердик» үй-интернатынан кышкы жылуу кийимдер алынып келинип берилди. Медициналык жардамга муктаж болгондор тиешелүү ооруканаларга жеткирилсе, 15 жаран өз үй-бүлөсүнө кайтарылды",- дейт мэрия.

Мындан сырткары, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан азык-түлүктөр берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18