09:55, 31 января 2018, 24.kg

Суроо-жооп. Сөөктү канча күндөн кийин жерге берген туура?

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Жакында менин агам каза болуп, уулу эртеси эле жерге берди. Бул абдан мени таң калтырды. Анткени, көзү өткөн адамды үч күндөн кийин жерге берчү эле...

Жооп: Кыргыздар сөөктү үч күн сакташкандыгынын себеби бар. Алар алыстан ат арытып келе турган туугандарын күтүшкөн. Жакын туугандардын баардыгы көзү өткөн киши менен коштошуп алсын деп үч күн кармоого аракет кылышкан.

Ал эми шарият боюнча дүйнө салган адамды өлгөн күнү эле, же эртеси көмүшөт. Эгер шарт болсо, аба-ырайы мүмкүнчүлүк берсе, эртеси күнү жерге берүүнү шарият дагы колдойт. Негизинен бул аба-ырайына, сөөктү сактоо мүмкүнчүлүгүнө жараша десек болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18