12:12, 30 января 2018, 24.kg

Бишкектеги батирлерде жылуулук жок. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду

«Бишкек жылуулук электр борборундагы» кырдаалга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл орган маалымдайт.

Маалыматта «Шалаакылык» беренеси менен иш козголгондугу айтылат. Анда Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды колдонуу мамлекеттик комитети, «Улуттук энергохолдинг», «Электрстанциялар» жана «Бишкек жылуулук электр борбору» ишканаларынын аткаминерлери кышка даярдык көрүүдө милдеттерин так аткарбагандыктан шаардагы үйлөргө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурагандыгы белгиленет.

Тергөө иштери башталды.

 
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18