09:18, 30 января 2018, 24.kg

Өмүрбек Текебаев аны видеобайкоого алууга уруксат берген эмес

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев № 47 абактагы камерасына видеобайкоо орнотууга макул болгон эмес. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, ага Айгүл Текебаева кайрылып, партия лидеринин урусатсыз видеобайкоо орнотулганын маалымдаган.

«Өмүрбек Текебаев менен жеке сүйлөшүүмдө дагы ал бул маалыматты тактады. Видео камера орноткондон кийин үч күндөн кийин гана Текебаевге билдиришкен. Ал ошол замат алып салууну суранып, кат жазган. Катында Өмүрбек Текебаев өмүр бою эркинен ажыратылгандардын катарына кирбестигин, андыктан анын камерасында видео байкоо болбостугу керектигин айткан» — дейт Нурдин Сулайманов.

Ал эми Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорфдун айтымында, видео байкоо орнотуу үчүн эркинен ажыратылган жарандын уруксаты керек эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18