09:04, 30 января 2018, 24.kg

Казакстанда сакал коюу эрежелери аныкталат

Казакстанда сакал коюу эрежелерин аныктап чыгуу пландалууда. Бул тууралуу 29-январда өлкөнүн дин иштери жана жарандык коом министри Нурлан Ермекбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай аракет «деструктивдүү диний агымдардын белгилерин ачык көрсөтүп жүрүүгө» тыюу салуу иштеринин алкагында жасалат. «Ал белгилерге мүнөздүү сакал, багалеги кыскартылган шым өңдүү нерселер киргизилиши мүмкүн. Бирок алар өз-өзүнчө эмес, бирдиктүү комлект түрүндө болот», — деди министр.

Ал бул белгилерди аныктоо менен атайын экспертиза алектенерин кошумчалады.

«Керек болсо анда сакалдын узундугу дагы жазылат. Мында кеп бардык жарандар же дин кызматкерлери жөнүндө эмес, деструктивдүү диний агымдарды кармангандар жөнүндө гана болууда. Сырткы көрүнүшү менен катар алардын эмнелерди айтып, эмнени пропагандалап жаткандыгы да роль ойнойт. Тактап айтканда, адистер бардык адамдарды катары менен кармап жазага тартышпайт», — деп билдирди Нурлан Ермекбаев.

Министрлик бул белгилерди «Диний ишмердүүлүк жана диний уюмдар тууралуу» мыйзамга сунушталган «ИИМ менен УККнын биргелешкен актысы» боюнча аныктоону каалап жатат. Министрдин пикиринде, бул белгилер «сырткы, идеологиялык, концептуалдык жана психологиялык белгилер» болушу мүмкүн.

Эскерте кетсек, буга чейин Тажикстан жана Өзбекстанда ислам дининин өкүлдөрүнүн сырткы кийим жана эркектердин сакалын кыскартуу боюнча эрежелер киргизилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18