10:51, 29 января 2018, 24.kg

Тажикстан мындан ары адал эттерди гана импорттойт

Тажикстанда Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл кызматы өлкөгө адал эмес эт продукцияларын алып кирүүгө тыюу салды.

Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл кызматынын башчысынын орун басары Тожибек Норов билдиргендей, мындан ары чет өлкөлүк эт ташуучулар Тажикстанга аккредитациянын негизинде гана продукцияларын алып кире алышат.

«Аккредитация алуу үчүн биздин адистер чет өлкөлүк ишканалардагы өндүрүш процессин өз көздөрү менен көрүшү керек. Мындан тышкары продукцияга «Адал» белгиси басылышы зарыл. Ушул шарттар аткарылганда гана Тажикстанга эт азыктарын ташууга уруксат алышат», — деди Норов.

Тажик бийлиги эт азыктарын ташуу талаптары катаалдаштырылганы тууралуу чет өлкөлүк ишкерлерге эскертти. Тажикстандын тишелүү органдарынын сапат жана коопсуздук инспекциясынан өткөн компанияларга беш жылга аккредитация берилет.

Тажик базарына эт азыктары негизинен Индия жана Орусиядан, азыраак бөлүгү Түркия менен Казакстандан келет.

Тажикстан «адал» стандартын 2013-жылы киргизген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18