09:21, 26 января 2018, 24.kg

Орусия телеканалы Украинанын Тажикстандагы элчисин «өлтүрүп койду»

Орусиянын «Россия-24» телеканалы Кабулдун «Интерконтиненталь» мейманканасындагы терактта мерт болгон жети украин жаранынын арасында Украинанын Тажикстандагы жана Ооганстандагы элчиси Виктор Никитюк дагы болгонун билдирди. Элчи менен анын туугандары телеканалдын бул жаңылыгына таң калышууда.

Никитюк анын өлүмү тууралуу билдирүүнү жаңылыштык деп эсептебейт. Айтымында, бул Орусиянын мамлекеттик телеканалынын чагымы.

«Талибан» кыймылынын жоочулары Кабулдагы мейманканага 20-январда кол салышкан. Анда каза тапкандардын арасында жети украин жараны болгон.

«Менимче, бул билдирүү — коомчулуктун көңүлүн Орусиянын «Талибан» кыймылын колдоп, Ооганстанга каршы гибриддик согуш жүргүзүп жатканынан башка жакка буруу аракети. Ал согуш менен Орусиянын Украинага каршы жүргүзүп жаткан гибриддик согушунун окшош жактары бар», — деп эсептейт дипломат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18