15:17, 25 января 2018, 24.kg

Бишкекте дипломатиялык номерлүү машине эки кишини сүзүп кетти

Бишкекте дипломатиялык номерлүү машине эки кишини сүзүп кетти. Окуя бүгүн башкалаанын Турусбеков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бул тууралуу жол кырсыгына күбө болгондор билдирип жатышат.

Жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн машине дипломатиялык номердеги кара түстөгү жол тандабас экени тартылган сүрөттөр Интернетте тарады. Анын айдоочусу эки кишини сүзгөндөн кийин кайра аларга кыйкырып, кетип калганы кабарланды.

Жабыркагандарды «Тез жардам» алып кеткен. Аларды коюп кеткен машине кайсы дипломатиялык өкүлчүлүккө таандык экени азырынча белгисиз. Бишкек шаардык жол коопсуздук башкармалыгы окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18