08:45, 25 января 2018, 24.kg

Аткаруу бийлигиндеги кызматкерлердин 10% азайтуу каралууда

Кыргызстанда аткаруу бийлигинин системасын реформалоо боюнча мекеме аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Комиссия бир ай ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын чектүү штаттык санын жана башкаруу схемасын талдап, сунуштарды иштеп чыгат.

Эсенгуловдун айтымында, штатты кеминде 10 пайызга азайтуу жагы каралууда.

«Комиссия өкмөткө караштуу мамлекеттик органдардын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу, функциясын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында түзүлдү» — дейт ал.

Комиссиянын иши аяктаганча бош кызмат орундарына жаңы кызматкерлер кабыл алынбайт.

Аткаруу бийлигинин системасын реформалоо өкмөттүн «Жаңы доорго 40 кадам» программасынын алкагында жүргүзүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18