Ажылыкка барууну шарттары: Кимге зыярат кылууга тыюу салынат?
Бүгүндөн баштап, Меккеге зыяратка барууну каалагандарды каттоо башталды. Каттоо 23-февралга чейин уланат. Мусулмандар дин башкармалыгынын билдирүүсүндө ажылык талаптары өзгөргөн жок.
Болгону быйыл жаңы биометриялык паспорт менен гана каттоо жүрөт. Быйыл Сауд Арабия Кыргызстанга квотаны былтыркыдан 640 кишиге көбөйтүп, 5485 орун бөлду.
Белгилей кетсек, быйыл Тажикстан ажыга баруу шарттарын катаалдантты. Бийлик кедей-кембагалдарга зыяратка барууга тыюу салынды. Андан тышкары, 40 жаштан ашкандарга гана Меккеге сапар алууга уруксат берилет.
Ал эми Өзбекстан былтыры коммуналдык кызматтарга карызы бар жарандарга ажыга барууга бөгөт койгон.
«Бизде өзгөчө чектөө жок. Ал эми карыздар боюнча зыяратчыларга окууларда карызын төлөп, анан жолго чыгуу кеңешин беребиз» — дейт муфтият.
Муфтият «24.kg» агенттигине каттоо шарттары боюнча айтып берди.