12:58, 23 января 2018, 24.kg

Чычкан суусуна түшүп кеткен бензовоз чыгарылды. Дарыядагы балыктар кырылды

ӨКМ 20-январь күнү Чычкан дарыясына түшүп кеткен бензовозду чыгарды. Бул тууралуу мекеме маалымдайт.

Оор жүк ташуучу уунаны кечээ кечинде гана суудан чыгарууга мүмкүн болду. Андагы 38 тонна күйүүчү май дарыяга агып кеткен.

Жергиликтүү ишкер Аманжан Бирбиевдин «24.kg» агенттигине айтымында, анын балык чарбасындагы 2,5 тонна балык кырылды.

«Бул биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин дагы бензовоз түшүп балыктар кырылган. Бирок, анда чыгым аз болгон. Андан тышкары, киши өлүп жатса, ызы-чуу чыгарбай эле коелу дегенбиз. Бул жылы чыгым көп болуп жатат. Жакында эле насыя алып, балыктарды көбөйттүк эле» — дейт ал.

Райондо атайын комиссия түзүлүп, кырылган балыктар анализге жөнөтүлүп, кырсыктын зыяны такталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18