11:54, 23 января 2018, 24.kg

Жээнбеков бюджетти, гранттарды бөлүштүрүүдө аймактарга калыс кароону сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков бюджеттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө, салык топтоодо региондук дисбалансты жараткан субъективдүү мамилени жоюу керектигин айтты. Бул тууралуу Аймактык өнүктүрүү жылына карата түзүлгөн жумушчу топтун биринчи кеңешмесинде билдирди.

Мамлекет башчысынын пикиринде, калктын жыштыгын, айылдын, райондун, облустун географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аймактык пландаштыруунун критерийлерин жана стандарттарын иштеп чыгуу зарыл.

«Бул ишти жалгыз эле каржы министрлигине калтырбай, башка министрликтер менен ведомстволор, жергиликтүү бийлик чогуу аракет кылып, элдин бакубат жашоого, сапаттуу билим алууга, ден соолукка, маданиятка жана спортко болгон муктаждыгын эске алышы керек» — деди ал.

Андан тышкары, кредит саясатын аймактардын муктаждыгын эске алуу менен, туура жүргүзүү сунушталды.

"Бүгүнкү күндө жеңилдетилген пайыз менен берилүүчү насыялар, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттары плансыз, системасы жок эле бөлүштүрүлүүдө. Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл бурулбай калып жатат. Ошондуктан инвестициялык каражаттардын ар бир аймактын кызыкчылыгына жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү зарыл. Айылбанк, Гарантиялык фонд, РСК банк муну эске алышы зарыл- деди Сооронбай Жээнбеков.

Региондордо ишкерлерди колдоо иретинде кайра иштетүүчү ишканаларды курууга колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18