08:55, 23 января 2018, 24.kg

Токтогулда дарыяга төгүлгөн күйүүчү майдан балыктар кырылып атат

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда сууга төгүлгөн күйүүчү майдын айынан балыктар кырылып жатат. Бул тууралуу райондун акими Майорбек Сатымкулов билдирди. Анын айтымында, аймакта жайгашкан балык чарбасынан тонналаган балыктар өлүмгө учураган.

Учурда тиешелүү кызматтын өкүлдөрү чыгымдын өлчөмүн эсептеп жатышат. Айрым маалыматтарга караганда, 7 тоннадай балык кырылган.

20-январдын түнүндө Бишкек-Ош жолунун 264-чакырымында күйүүчү май ташыган автоунаа дарыяга кулап, бир адам каза болуп, эки киши жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча унаада 38 тонна бензин болгон. Автоунаа дарыядан чыгарыла элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18