13:38, 22 января 2018, 24.kg

Ажылыкка каттоо башталат

Ушул жумада Меккеге зыяратка камынгандарды каттоо башталат. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы маалымдайт.

Алардын айтымында, өлкө жарандары электронду каттоодон өтүүсү керек. Бул жылы биометриялык паспорт менен каттоо жүрөт.

Андан тышкары, быйыл ажылык баасы дагы кымбатташы ыктымал.

«Сауд Арабия менен келишимдин наркы беш пайызга кошулду. Андыктан, баа кымбатташы мүмкүн. Так айта албайбыз. Анткени, азыр авиабилет, кийим баасы чечиле элек» — дейт муфтият.

Photo 56748

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Арабия Кыргызстан үчүн квотаны көбөйттү. Быйыл 5400 киши барат. Ажылык быйыл август айында болот. Зыяратчыларды жөнөтүү июнь айында башталат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18