11:27, 22 января 2018, 24.kg

Министр той-аштардагы ашыкча салттарды тыюуну сунуштоодо

«Аш-тойлордо, сөөк узатууда акылга сыйбаган салттар пайда болду. Буларды кантип тыябыз?» — деп Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов чыгармачыл союздун жетекчилери менен жолугушууда собол узатты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлайт.

Ал маданият өкүлдөрүнө маданият тармагын көтөрүүдө тыгыз кызматташууну сунуштады.

«Театр, сүрөт, адабият аркылуу элибиздин маданий деңгээлин кантип жакшыртабыз, жаштардын жүрүм-турумун кантип өзгөртөбүз? ? Мына ушул суроолордун үстүндө чогуу иштесек. Биргелешкен долбоорлорду биргеликте ишке ашырсак» -деди министр өз сөзүндө.

Министрликтин алдында чыгармачыл союздардын башын кошкон кеңеш түзүү жана бүгүнкүдөй талкууну квартал сайын өткөрүп турууну сунушталды.

Жыйынга Кыргыз республикасынын жазуучулар, журналисттер, композиторлор, сүрөтчүлөр жана кино, театр ишмерлеринин чыгармачыл союздары катышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18