10:22, 22 января 2018, 24.kg

Өкмөт «Акылдуу шаар» үчүн шаардыктардан абоненттик төлөм албайт

«Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында орнотулган видеобайкоо үчүн шаардыктар акы төлөшпөйт. Бул тууралуу өкмөт «24.kg» агенттигине билдирди.

Өкмөт шаардын айрым райондорунда жабыштырылган жарыяларга эч бир тиешеси жоктугун айтат.

Эскерте кетсек, «24.kg» агенттигинин кабарчысы ордо кааланын Гоголь көчөсүнөн «Акылдуу шаар» үчүн 25 сомдон абоненттик төлөм топтолоору боюнча жарыяны сүрөткө тартып алган.

«Бул кандайдыр бир тамаша, же атайын провокация болушу мүмкүн. Эч кандай акча төлөмдөр болбойт» — дейт өкмөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18