08:59, 22 января 2018, 24.kg

Казакстандагы окуядан кийин Кыргызстанда эл ташыган автобустар текшерилүүдө

Кыргызстанда ички жана эл аралык каттамдагы эл ташыган автобустар текшерилип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим 52 адамдын өмүрүн алган Казакстандагы жол кырсыгынан соң кабыл алынды. Текшерүү алкагында министрликтен лицензия алып, эл ташууга ылайыкташкан автобустардын техникалык абалы каралып, талапка жооп бербегендерге чара көрүлөт.

Өткөн бейшембиде Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 киши каза тапкан. Алардын бардыгы Өзбекстандын жарандары болчу. Кырсык болгон учурда «Икарус» автобусунда 57 киши бараткан. Беш киши жарадар болду.

Автобус Түштүк Казакстан облусунда катталган. Ал Шымкенттен Орусияга бараткан. Жүргүнчүлөр болжол менен эмгек мигранттары болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18