15:54, 19 января 2018, 24.kg

Кыргызстанда акыркы он жылда жол кырсыгында 16 миң киши мерт болду

Кыргызстанда акыркы он жылда жол кырсыгында 16 миң киши мерт болду. Бул боюнча Жогорку Кеңештин «Республика —Ата Журт» фракциясынын жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, 2007-жылдан бери жол кырсыгы 1,5 миң эсеге көбөйгөн. Он жыл ичинде 16 миң киши мерт болсо, анын 2 миңи балдар. 110 миң киши ар кандай жаракат алса, анын 18 миң 173ү жеткинчектер.

«Бул сандарды бөлүп карасак күнүнө үч киши набыт болот. Аптасына эки өспүрүмдү жоготуп жатабыз. Он жылдык ооган согушунда дагы Кыргызстан мындай жоготууга учураган эмес. Ал согушка 7 миң аскер жөнөтүп, үч миңи кайра келген эмес», — дейт Руслан Казакбаев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18