15:04, 19 января 2018, 24.kg

Казакстандагы автобус кырсыгында каза болгондордун тизмеси жарыяланды

18-январда Казакстандын Актөбө облусунда өрттөнүп кеткен автобустун каза болгон жүргүнчүлөрүнүн болжолдуу тизмеси жарыяланды. Алардын баары Өзбекстандын жарандары болушкан.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтына жарыяланган тизмеде Самара — Шамкент автожолунда каза болгон 31 адамдын аты-жөнү жазылган. Алардын көбү Наманган облусунун жашоочулары. Жалпысынан автобустагы өрттөн 52 киши мерт болуп, дагы беш киши, анын ичинде айдоочулар аман калышкан.

Бейшемби кечинде Актөбө шаарына Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Рустам Жураев башында турган делегация барган. Ошол эле күнү Казакстандын мекемелер аралык өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзбек делегациясы менен биргелешкен аракеттерди талкуулашкан.

Бүгүн жергиликтүү бийлик каза болгон 52 адамдын сөөгү Актөбө шаарына жеткирилгенин кабарлады. Акимчиликтин басма сөз кызматынан учурда соттук-медициналык экспертизалар уланып жатканын айтышты. Бирок каза болгондордун денелери катуу күйүп калгандыктан, аларды аныктоо оор болууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18