15:53, 18 января 2018, 24.kg

Баткендеги Айгүл гүлүн үзгөндөргө айыппул өлчөмү көбөйтүлөт

Баткен облусунун тоолорундагы Айгүл гүлүн үзгөндөргө жаза катаалданат. Бул боюнча Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында сөз болду.

Депутат Экмат Байбакпаев Кызыл китепке кирген гүлдү коргоо маселесин көтөрдү. Эл өкүлү айыппулдун өлчөмүн жарандарга миң сомдон 10 миң сомго, аткаминерге 20 миң сомго, үзүлгөн өсүмдүктү башка жерге ташып баргандыгы үчүн унаага 200 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады.

Ал эми гүлдү четке алып чыгууга аракеттенгендерге «Аткезчилик» айыбы тагылып, 12 жылга эркинен ажыратуу зарылдыгы айтылды.

Гүл 1978-жылы Кызыл китепке киргизилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18