13:11, 18 января 2018, 24.kg

Оштун жаш музыканттары «ART-PREMIUM» Эл аралык сынагында жеңүүчү аталды

Оштун жаш музыканттары «ART-PREMIUM» Эл аралык сынагында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу каала мэриясы билдирет.

Бүгүн Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн «ART-PREMIUM» Эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн, мугалимдерин жана ата-энелерин кабыл алды.

Аталган конкурс Астана шаарында 4-7-январь күндөрү өтүп, ага Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Шохжахон Маманазаров менен орус эл аспаптар бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Шайырбек Абдурашит уулу катышып келген.

Жыйынтыгында студенттер конкурстун үч сыйлыгын багындырып келишкен. Студенттердин бири инструменталдык жанрда домрада ойноп 1-орунду, бири аккордеондо 1-орунду багындырышса, домра жана аккордеондо дует аткарышып 1-орунду ээлешкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18