12:24, 18 января 2018, 24.kg

Баткендиктер жалгыз суу булагы Өзбекстанга өтүп кетерине кабатыр

Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары Өзбекстан менен чек араны чийүүдө жалгыз суу булагын Кыргызстанда калтырууну суранат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун билдирди.

Чечме айылы Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешет. Айыл тургундары кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жаңы келишимде алардын таза суу жана суугат суу катары колдонгон булагы Өзбекстанга өтүп кетери боюнча угушкан. Андыктан алар, бул булакты ата-бабалары колдонуп келгенин жана ал алардын айылынын карамагында калышы керектигин айтышууда.

Эскерте кетсек, кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызы чечилди. Бирок, кайсы талаш аймактар кантип такталганы ачык айтылбайт. Жалал-Абад облусундагы Орто-Токой суу сактагы Кыргызстандын аймагында калып, аны эки өлкө ортодо колдонууга макулдашкан.

Калган талаш аймактар, анын ичинде Унгар-тоо, Барак жана Сох боюнча азырынча белгисиз.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18