11:00, 18 января 2018, 24.kg

Депутат кыргыз тилдүү бала бакчалардын санын көбөйтүүнү сунуштайт

Ордо калаада кыргыз тилиндеги бала бакчалар жетишпейт. Бишкек шаарында 84 бала бакча бар болсо, анын 10у, Ош шаарында 41 бала бакча болсо, анын 5и гана мамлекеттик тилде экен. Мектептердин деле акыбалы андан артык эмес. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Ордо калаада 95 мектеп болсо, 11 мектеп гана мамлекеттик тилде окутат экен. Мага ата-энелер кайрылууда, алар балдарын кыргыз тилинде окуталы десе, орун жетишпей жатыптыр. Биз мамлекеттик тилдин маанисин жогорулатуу маселесин көп жылдан бери көтөрүп келебиз, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү бала бакча менен мектептерден баштоо керек», — дейт депутат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18