10:46, 18 января 2018, 24.kg

Интернат жетекчиси эже-сиңдини кыргыз үй-бүлөгө бербей, АКШга жөнөткөн

Чүй облусунун Токмок шаарындагы балдар үйүнүн жетекчилиги эки кызды кыргызстандык үй-бүлөгө бербей, зордоп АКШнын жарандарына багууга беришкен. Бул тууралуу парламенттин депутаты Ирина Карамушкина бүгүнкү жыйында маалымдады.

Анын айтымында, америкалык үй-бүлөнүн кызыкчылыгын Социалдык өнүгүү министрлигинин атайын бөлүмү коргогон. Алардын көрсөтмөсү менен интернат жетекчилиги кыздарды жергиликтүү үй-бүлөгө көрсөтпөй жашырышкан.

«Кыргызстандык ата-эне келгенде кыздарды ооруканада деп айтышкан. Чындыгында алар интернатта болгон. Ал эми АКШдан келген үй-бүлө менен жолуктурууга түнү алып чыгып барышкан. Кыздардын каршылыгына, ыйлаганына карабай багууга уруксат беришкен» — дейт ал.

Депутат бул боюнча иш козгоп, текшерүүнү талап кылды. Ирина Карамушкинанын айтымында, эгиздерди бири-биринен ажыраткан учурлар дагы кездешет.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 130 миң жетим бала.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18