09:30, 18 января 2018, 24.kg

Ошто ишкердин үйүнө кирген каракчылар 15 миллион сомун тоноп кетишти

29-декабрь күнү Ош шаарынын «Ак-Тилек» районундагы үйлү тоногон кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдайт.

Кылмышккерлер түнкү 22.30да ишкердин үйүнө кирип, мылтык жана бычак менен коркутуп, акча талап кылган. Үйдө бизнесмендин аялы жана эки жаш баласы гана болгон. Аялдын колу бутун байлап, кылмышкерлер ири суммадагы акча сакталган сейфти алып чыгып кетишкен. ИИМдин маалыматында, сейфте 10 миң доллар жана 14 миллион сом болгон.

Облустун 1992 жана 1993-жылы туулган тургундары кармалды. Шектүүлөрдүн үйүнөн 4,7 миллион сом алынды. Кылмыштын дагы үч катышуучусу изделүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18