09:22, 18 января 2018, 24.kg

«Ала-Арча» VIP шаарчасындагы чатак. Эски жана жаңы бийлик комиссия түздү

«Ала-Арча» VIP шаарчасынын башкармалыгынын эски жана жаңы бийлиги сүйлөшүү столуна олтуруп, ортодо комиссия түздү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине шаарчанын жашоочулары маалымдашты.

Алардын айтымында, кечээ түнү эки тарап тең сүйлөшүүгө өкүлдөрүн жиберүүгө макулдашты.

Эскерте кетсек, «Ала-Арч-1» жана «Ала-Арча-2» VIP шаарчасынын башкармалыгынын мурдакы бийлиги жаңы жетекчинин мыйзамсыз дайындалганын айтууда. Андан тышкары, 15дей кароолду дагы иштен бошотконуна нараазычылык билдирет.

Кечээги администрациялык имараттагы чатак милицияны чакыруу менен аяктаган. Талашка белгилүү саясатчылар Ахматбек Келдибеков, Феликс Кулов жана алардын аялдары катышкандыктан коомдо кызуу талкуу жаратты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18