17:56, 17 января 2018, 24.kg

«Ала-Арча» VIP шаарчасында чатак. Келдибеков менен Кулов кырдаалды түшүндүрдү

«Ала-Арча» VIP шаарчасындагы чыр боюнча Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Ахматбек Келдибеков жана «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов «24.kg» агенттигине түшүндүрмө берди.

Ахматбек Келдибековдун айтымында, шаарчанын тургуну Евгения Кухта туура эмес маалымат таркатууда. Саясатчы аны сотко бермекчи.

«Мага биздин шаарчанын 15 кароолу кайрылды. Аларды мыйзамсыз жумуштан кетирген экен. Бул боюнча буйрукту дагы көрсөткөн эмес. Мен тактоо үчүн гана башкармалыктын администрациялык имаратына бардым. Көрсө, жаңы жетекчилик мыйзамсыз шайланыптыр. Алар шаарчанын көпчүлүк тургундарынын добушун ала алышкан эмес», — дейт Ахматбек Келдибеков.

Феликс Куловдун айтымында, анын аялы Фатима Абдрасулова шаарчанын башкармалыгын жетектегени чын. Бирок, акчаны башкарган эмес.

«Эгер акча жоголгондугу боюнча факт далилденсе, анда биз директорду жоопко тартууну талап кылабыз. Кароол боюнча маселе дагы жалпы жыйында чечилиши керек болчу», — дейт Феликс Кулов.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18