15:19, 17 января 2018, 24.kg

Назарбаевдин АКШ сапарында миллиарддаган долларлык келишимдерге кол коюлду

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин АКШга жасаган расмий сапары учурунда соода-экономикалык жана инвестициялык 20дан ашуун коммерциялык документтерге кол коюлду жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча билдирүү жасалды. Акордо маалымдагандай, келишимдердин жалпы наркы жети миллиард долларды түзөт.

Шейшембиде Акүйдө АКШ президенти Дональд Трамп Назарбаевди кабыл алган. Казак лидери АКШнын ишкер чөйрө өкүлдөрү менен жолугушкан.

Расмий сапар учурунда авиация, космос иликтөөлөрү, нефтехимиялык жана айыл-чарба тармагындагы, ошондой эле инфраструктуралык өнүгүү долбоорлоруна тиешелүү документтерге кол коюлду.

Назарбаев Казакстан менен АКШ мамилесинин стратегиялык мүнөзүн белгилеп, Америка казак экономикасындагы түз инвестициянын көлөмү боюнча экинчи орунда турарын билдирди.

Анын айтымында, Казакстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери америкалык компаниялар 50 миллиарддан ашуун доллар инвестиция салышкан. Өлкөдө энергетика, транспорт жана медицина сыяктуу ар түрдү 500дөн ашуун тармак америкалык капиталдын катышуусу менен иш алып бара

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18