08:40, 17 января 2018, 24.kg

Түрмөнстанда теле аркылуу секс жана жаман адаттарды көрсөтүүгө тыюу салынды

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов фильмдерде жана телекөрсөтүүлөрдө секс, зомбулук жана жаман адаттарды көрсөтүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул боюнча centralasian.org маалымдайт.

«Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү» мыйзам мындан тышкары өлкөнүн «жакшы образын» жаратууга чакырат. Түркмөн бийлиги документ улуттук кызыкчылыктарды коргоого багытталганын белгилөөдө.

Түркмөнстанда жергиликтүү ММКлардын баары, өзгөчө телеканалдар мамлекеттин катуу көзөмөлүндө. Кабелдик каналдар дагы цензура алдында жана фильмдердин адепсиз деп эсептелген бөлүктөрү көрсөтүлбөйт. Өлкө спутник телекөрсөтүүлөрүнө дагы тыюу салган. Түркмөнстандын алыскы аймактарында гана бирин-серин параболистикалык антенналарды кездештирүүгө болот.
Кино жана сериалдардын ордуна түркмөн телеканалдарында президенттин китептерин окушат.

Мыйзамда жаман адаттарга эмнелер кирери жана аны ким аныктары дагы так көрсөтүлгөн эмес.
Телекөрсөтүү жөнүндөгү мыйзам Түркмөнстандын кадыр-баркын жогорулата турган теле жана радиопрограммаларды жасоого чакырат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18