15:29, 16 января 2018, 24.kg

Боршайком Өмүрбек Бабановдон өз колу менен арыз жазууну суранат

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабановдун мандатын тапшыруу боюнча арызын карай албайт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине мекемеден билдиришти.

Алардын айтымында, депутаттын атынан жазылган арызды анын тарапташтары алып келишкен.

«Мындай кагазды БШК карай албайт. Эгер кандайдыр бир себептер менен Бабанов өз колу менен арыз жаза албаса, анда текстти нотариустан ырасташы керек» — дейт БШК.

Өмүрбек Бабановдун жардамчысы Мирсулжан Намазалиев депутаттык мандатынан баш тартууга арыз жазганын жарыялаган. Партия лидери өзү Жаңы-жыл алдында саясаттан кеткендигин кабарлаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18