09:58, 16 января 2018, 24.kg

Өмүрбек Бабанов Жаныш Бакиев менен жолугушканын четке какты

«Республика — Ата Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов мурдакы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана Ош шаарынын мурдакы мэри Мелис Мырзакматов менен жолушпаганын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Өмүрбек Бабанов «Де-факто» гезитинен маалыматты жокко чыгарууну талап кылат.

«Мен саясаттан кеткендигимди ачык жарыяладым. Ал убадамды бузбайм. Баардык журналисттерден так маалымат жазууну суранам. Гезит маалыматты жокко чыгарышы керек», — дейт ал.

Эскерте кетсек, «Де-факто» гезити 15-январда Өмүрбек Бабанов Жаныш Бакиев жана Мелис Мырзакматов менен жолугушканын жазып чыккан.

Өмүрбек Бабанов 30-декабрда чоң саясат кетип жатканын жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18