09:47, 16 января 2018, 24.kg

Сапар Исаков ички иштер министрине криминогендик кырдаалды колго алууну буйруду

Өлкөдөгү учурдагы криминогендик абал боюнча өкмөт жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйында ички иштер министри Улан Исраилов ички иштер органдарынын ишинде негизги басым кылмыштарды иликтөөнүн сапатын жогорулатууга, аларды жашырууга, ошондой эле укук бузууларга жол бербөөгө жана алардын алдын алууга жасалып жатканын маалымдады.

Сапар Исаков Ички иштер министрлигине өлкөдөгү криминогендик абалды жакшыртуу, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жашы жете электер арасында профилактикалык иш-чараларды күчтөндүрүү боюнча активдүү ишти улантууну тапшырды.

Мындан тышкары, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине «Кылмыштарды каттоого алуунун электрондук китеби» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүү боюнча ишти тездетүүсү тапшырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18