09:04, 16 января 2018, 24.kg

Тажик Улуттук банкы криптовалюта колдонууда тобокелчиликтер бар экенин эскертти

Тажикстандын Улуттук банкы өлкөдө криптовалютанын колдонулушу боюнча алгачкы жолу расмий көз карашын билдирди.

«Улуттук банк каржы институттарынын тажрыйбаларына таянуу менен жарандарга криптовалютаны колдонууга байланышкан тобокелчиликтер бар экенин эскертет», деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Улуттук банк криптовалютанын, анын ичинде биткоин операцияларынын көбү жашыруун болгондуктан, алар шектүү акча которуулар үчүн колдонулушу мүмкүн деп эсептейт. «Криптовалюта киберчабуулдарга кабылып же акчанын изин жашыруу жана терроризмди колдоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Криптовалюта ээлеринин ортосундагы операциялар каржы мекемелеринин катышуусусуз жүргөндүктөн, алар кылмыштуу операция болушу ыктымал».

Тажикстанда криптовалюта расмий түрдө алмашуу жана топтоо каражаты, ошондой эле эсептешүү бирдиги болуп эсептелбейт. Өлкөдө бардык каржы операциялары улуттук валютада — сомони менен ишке ашат. Улуттук банк виртуалдык валюталар колдонулган эсептешүү операцияларындагы ыктымал тобокелчиликтер менен жоготууларга жооп бербей турганын белгилөөдө.

Биткоин (Bitcoin) виртуалдуу акчасы — бул 2009-жылы Сатоши Накамото деген каймана ат менен эч кимге белгисиз программист (же програмисттер тобу) түзгөн алгачкы криптовалюта, электрондук каражат. «Биткоин» термини жана анын иштөө алгоритми дагы анын жаратуучулары тарабынан ойлонуп табылган. Адистердин айтымдарында, Биткоин криптовалютасы түрдүү өлкөлөрдө кадимки акчанын негизги милдеттери менен касиеттерине ээ — ал алмашуу жана топтоо каражаты, ошондой эле эсептешүү бирдиги болуп эсептелет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18