09:18, 15 января 2018, 24.kg

АКШ өзөктүк атаандаштык доору келди деп эсептейт

АКШ улуу державалар арасында өзөктүк атаандаштык доору кайтып келди деп эсептейт. Вашингтон Орусия менен Кытайды Кошмо Штаттардын негизги атаандашы деп атады.

Бул тууралуу АКШнын «Өзөктүк саясатка баяндамасында» (Nuclear Posture Review) айтылат.

«Өзөктүк саясатка баяндама» Барак Обама администрациясынын 2010-жылы кабыл алган доктринасын алмаштырат.

Жаңы стратегияга ылайык, Орусия жана Кытайга каршы туруу үчүн Вашингтон куралдануунун жаңы системасын инвестициялоого даяр. Анын ичинде деңиздеги Trident D5 баллилистикалык ракетасынына ядролук кубаты төмөн болгон ок тумшуктарды даярдоо, суу алдында жайгашкан Tomahawk канаттуу ракеталарын модеринизациялоо пландалууда. Стратегиянын авторлорунун пикиринде, ушундай жол менен гана Орусиянын биринчилерден болуп Европага сокуу уруу ниетинин адын алууга болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18