14:56, 12 января 2018, 24.kg

Мамлекеттик каттоо кызматы коррупциялашкан мекемелердин сап башында

2017-жылы Мамлекеттик каттоо кызматында 28 коррупциялык кылмыш аныкталды. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын жыйынында Экономикалык кылмыш менен күрөшуу кызматынын төрагасынын орун басары Турат Сагындыков билдирди.

Бажы кызматында эки, энергетика тармагында 16, Салык кызматында -үч кылмыш ачыкталды.

ЭККК (ГСБЭП) жыл ичинде мамлекеттик органдарда экономикалык кылмыш боюнча 309 иш козгогон. Зыян 272 миллион сомго бааланат

Ал эми УКМКнын Жемкорлук менен күрөшүү агенттиги 2017-жылы жемкорлук боюнча 1миллиард 448 миллион сомдук 210 иш козгогон. Анын 72и кызматына кыянаттык, 14ү акча талап кылуу, ону бажы жана салык төлөөгө байланышуу.

УКМКнын маалыматында, өткөн жылы беш депутат, эки соттун төрагасына «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18