09:04, 12 января 2018, 24.kg

Чоң Чүй каналына унаа түшүп кетти

Аламүдүн районунун Пригород айылындагы Ленск көчөсүндө жеңил ууна Чоң Чүй каналына түшүп кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине күбө маалымдады.

Анын айтымында, унаа Ленск көчөсүнөн каналды бойлогон көчөгө бурулуп жатып, тайылып кетип, каналга түшүп кетти.

«Мурда бул жерде дарактар бар эле. Алар жарык жок болгондуктан каналды башталар жерин көрсөтүп турат эле. Эми дарак жок, катуу келген унаалар дароо токтото албай каналга түшүп кетиши мүмкүн. Караңгыда жүрүү абдан кооптуу болуп калды. Анүстүнө бул жер шаар эмес. Жолдор тазаланбайт. Тайгак. Дарактарды эмне себептен кыйганын түшүнбөйм. Эми каналды бойлой тосмо жана жарык коюп чыгышсын» — дейт жергиликтүү тургун.

Photo 55753

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18