08:55, 12 января 2018, 24.kg

Казакстанда 45 жүргүнчүсү бар автобус оодарылып кетти

Казакстанда Егиндыбулак — Караганда каттамы боюнча бараткан автобус 45 жүргүнчүсү менен оодарылып кетти. Жыйынтыгында үч киши жабыркап, жакынкы айылдагы ооруканага жеткирилди.

Өлкө ИИМинин алдындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин расмий өкүлү Руслан Иманкуловдун билдиришинче, Setra үлгүсүндөгү автобус Караганда — Аягоз — Бугаз унаа жолунун 103-чакырымында кырсыкка кабылган.

Азырынча кырсыктын себептери кабарланган жок. 11-январда аба ырайынын начарлашына байланыштуу өлкөнүн алты аймагындагы, анын ичинде автобус оодарылып кеткен Караганда облусундагы республикалык маанидеги трассаларда кыймыл чектелген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18