10:56, 11 января 2018, 24.kg

Кыргызстанда 2017-жылы 52 кино тартылды

Кыргызстанда былтыр 77 жаңы фильмдин бет ачары болду. Анын элүү экиси кыргызстандык режиссерлордун тасмалары. Бул тууралуу «Азаттык» маалымдайт.

Кыргыз тасмаларынын ичинен Руслан Акундун «Апамды издейм» мелодрамасы, Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» тарыхый тасмасы жана Актан Арым Кубаттын «Кентавр» фильми ийгилик жаратты.

Маалыматта режиссерлор эмгегин көрүүчүлөргө сунуштоо үчүн кинотеатрларга кезекке туруп жатканы айтылат.

«Быйыл январдан тартып эле башкалаадагы кинотеатрларда бет ачары өтө турган жаңы тасмалардын узун кезеги пайда болгон. Алар июнь айына чейинки кезекти ээлеп коюшкан» -деп маалымдалат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы жылдарда өлкөдө кинотеатрлардын саны да өскөн. Мурун жалпысынан 32 кинотеатр болсо, азыр 50гө жеткен. Айылда ачылган кинотеатрлар да бар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18