15:23, 10 января 2018, 24.kg

Мирзиёев Интернетти ылдам жана арзан кылууну тапшырды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Интернетти ылдам жана арзан кылууну тапшырды. Бул тууралуу ал Өзбекстандагы маалымат-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча өткөн жыйында билдирди.

Жыйынга Өзбекстан премьер-министри, анын орун басарлары, өкмөт мүчөлөрү катышты.

«Мага биздин өлкөдө 20 миллион киши Интернет колдонорун айтышты. Бирок кызмат көрсөтүү чектелүү болгондуктан, калктын басымдуу бөлүгү «Telegram» колдонушат», — деди Шавкат Мирзиёев.

Жыйында белгилүү болгондой, КМШ өлкөлөрүндө Интернеттин орточо ылдамдыгы Өзбекстанга караганда 10 эсеге көп. Байланыш операторлору телекоммуникациялык түйүндөрдү алыскы аймактарда жеткиликтүү кылууга аракет жасабай жатканы белгиленди.

Президент Мирзиёев Интернетке болгон бааны төмөндөтүүнү, ылдамдыгын кеминде 4 эсеге жогорулатууну, ал эми 2020-жылга карата КМШ өлкөлөрүнүн деңгээлине жеткирүүнү тапшырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18